Раззаков шаарында зааанбап муниципалдык мал базар ишке берилди
6 август

Раззаков шаарында зааанбап муниципалдык мал базар ишке берилди

Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан муниципалдык мал базар толугу менен пайдаланууга берилди. Мал базар Раззаков шаарынын Топ-Терек участкасындагы №781 контурда жайгашып, жалпы 60 000 м² жерди ээлейт. Анын ичинен 14 500 м² аянтына курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Объектинин жалпы сметалык баасы 50 558 104 сомду түзөт. Учурда долбоордун 1 жана 2-этабына 25 988 507 сом каражат жумшалган.

Мал базардын кубаттуулугу төмөнкүчө:

•        1000 баш бодо мал

•        100 баш жылкы

•        5000 баш майда жандык

Бүгүнкү күндө мал базар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жумасына 70 000 – 150 000 сом киреше алып келүүдө.

Ошондой эле, алдыда 2025-жылдын ичинде ички бөлүгүнө асфальт төшөө жана оорукчан малдар үчүн атайын изолятор куруу каралган.

Мал базардын ишке кириши менен Раззаков шаарынын калкы үчүн ветеринардык, соода-сатык жана санитардык шарттары жакшыртылып, айыл чарба тармагында кошумча киреше булагы түзүлдү.