Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы шаарында «Форель-Балыгы Заводу» ачылды
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эгемендүүлүктүн 34-жылдыгына арналган «Форель-Балыгы Заводу» ишканасынын техникалык ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чкра өлкөбүздүн балык чарбасын өнүктүрүүдө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана жергиликтүү өндүрүштү колдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
«Форель-Балыгы Заводу» ишканасы 2021-жылдан бери Кыргызстандын рыногунда ишмердигин жүргүзүп келет. Компания жилингир балыгын өстүрүп, анын өндүрүштүк процессин толук көзөмөлдөө менен сапаттуу продукция чыгарууда.
Ишкана төмөнкү даяр продукцияларды чыгарат жана экспорттойт:
• БМТ – башы менен тазаланган тоңдурулган балык;
• БЖТ – башы жок тазаланган тоңдурулган балык;
• жаңы муздатылган жана тоңдурулган продукциялар.
Продукциялар РФнын жана Казакстандын ар кайсы аймактарына экспорттолуп, ашыкча чабактар жергиликтүү балык чарбаларына сатылат.
Балыктар Түркияда өндүрүлгөн дүйнөлүк лидер BIOMAR фирмасынын жогорку сапаттагы тоюттары менен азыктанат. Ошондой эле ишкана BIOMARдын Кыргызстандагы эксклюзивдүү дистрибьютору болуп саналат.
