Жыл башынан бери Кыргызстан 18,8 миң тоннадан ашык өсүмдүк продукциясын экспорттоду
2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан экспорттолгон карантиндик көзөмөлдөгү өсүмдүк продукцияларынын жалпы көлөмү 18 882,37 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, экспорттун негизги бөлүгүн мөмө-жемиштер түзүп, алардын көлөмү 12 700,39 тонна болду. Ошондой эле 5 358,02 тонна мөмө-жемиштер (ягодалар) жана 823,96 тонна цитрус жана тропикалык жемиштер чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Экспорт боюнча негизги өнөктөш өлкө – Россия Федерациясы. Бул өлкөгө жалпысынан 10 712,78 тонна продукция экспорттолуп, жалпы экспорттун дээрлик 57 пайызын түздү.
Казакстан экинчи орунда болуп, бул өлкөгө 7 375,82 тонна продукция жөнөтүлгөн. Бул жалпы экспорттун болжол менен 39 пайызына туура келет.
Өзбекстанга экспорттолгон продукциянын көлөмү 1 790,90 тонна, ал эми Тажикстанга 34,8 тонна жана Катарга 0,2 тонна продукция чыгарылган.
Экспорттун негизги товарлары
Эң көп экспорттолгон продукция болуп алма эсептелет. Беш ай ичинде чет өлкөлөргө жалпысынан 8 331,88 тонна алма жөнөтүлгөн.
Андан кийинки орундарды төмөнкү продукциялар ээледи:
- Кулпунай – 5 339,72 тонна
- Алча (черешня) – 2 493,96 тонна
- Өрүк – 825,7 тонна
- Мандарин – 647,1 тонна
- Алмурут – 542,7 тонна
- Жүзүм – 250,3 тонна
Россияга экспорттолгон продукциялардын арасында эң чоң көлөмү:
- кулпунай – 3 075,52 тонна
- алма – 2 862,5 тонна
- алча – 2 270,66 тонна
- өрүк – 733,7 тонна
Казакстанга жөнөтүлгөн продукциялардын басымдуу бөлүгү:
- алма – 4 098,68 тонна
- кулпунай – 2 264,2 тонна
- алмурут – 532,7 тонна
- алча – 223,3 тонна
