Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегаты ишке кирди
18 ноябрь

Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегаты ишке кирди

Кыргызстандын энергеика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 18-ноябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, реконструкциядан өткөрүлгөн Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери ийгиликтүү 100% аткарылып бүттү. Бул энергетика тармагындагы таррыхий окуя.

Ошондо 1200 мегаваттык ГЭСтин кубаттуулугу модернизациядан кийин 1440 мегаваттка көбөйдү — станцияга жалпысынан 240 мегаватт кошулду. ГЭСти модернизациялоонун негизги максаты анын кубаттуулугун жогорулатуу эле. Бул максат жигердүү ишке ашты.

Маалыматка ылайык, 1975-жылы эксплуатацияга берилген ГЭСтин биринчи гидроагрегаты биринчи жолу 1975-жылдын 5-январында ишке берилген. 49 жылдан кийин анын модернизациясы 2024-жылдын мартында башталып, 2024-жылдын ноябрында аяктаган. Натыйжада кубаттуулугу +60 МВтка жогорулады (300дөн 360ка)!

Ошол эле 1975-жылдын 6-январында экинчи гидроагрегат ишке берилген. 48 жылдан кийин анын модернизациясы 2023-жылдын мартында башталып, 2023-жылдын ноябрында аяктаган. Кубаттуулугу +60 МВт жогорулады (300дөн 360ка)!

Ал эми үчүнчү гидроагрегат 1977-жылдын февраль айында ишке берилген. 48 жылдан кийин анын модернизациясы 2025-жылдын мартында башталып, 2025-жылдын ноябрында аяктаган. Кубаттуулугу +60 МВт жогорулады (300дөн 360ка)!

Төртүнчү гидроагрегат дагы 1977-жылдын март айында ишке берилген. 44 жылдан кийин анын модернизациясы 2021-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын ноябрында аяктаган. Кубаттуулугу +60 МВт жогорулады (300дөн 360ка)!

Үч-Коргон ГЭС: Ал эми өлкөдөгү гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана реабилитациялоо программасынын алкагында Үч-Коргон гидроэлектростанциясында экинчи гидроагрегатынын реконструкция иши ийгиликтүү аяктады.

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери 2024-жылы башталып, биринчи гидроагрегат толугу менен алмашылып, 9 МВт кубаттуулук кошулган. Азыркы учурда экинчигидроагрегат жаңыланып жанып бүтүп, ага дагы 9 МВТ кубаттуулук кошулду. Учурда ГЭСтин калган эки гидроагрегатын 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жалпы төрт гидроагрегат алмашылгандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 36 МВт кошулат.

Маалымат катары: 1961-жылы эксплуатацияга берилген ГЭСтин биринчи №1 гидроагрегаты биринчи жолу 1961-жылдын 30-декабрында ишке берилген. 64 жылдан кийин анын модернизация иштери 2026-жылдын декабрь айында толук бүтүшү пландалууда. №1 гидроагрегаттын азыркы учурдагы кубаттуулугу 45 МВтты түзөт!

1962-жылы эксплуатацияга берилген ГЭСтин экинчи №2 гидроагрегаты биринчи жолу 1962-жылдын 3-июнунда ишке берилген. 63 жылдан кийин анын модернизация иштери 2026-жылдын ноябрь айында толук бүтүшү пландалууда. №2 гидроагрегаттын азыркы учурдагы 45 МВтты түзөт!

Ал эми үчүнчү гидроагрегат 1962-жылдын сентябрында ишке берилген. 63 жылдан кийин анын модернизациясы 2025-жылдын мартында башталып, 2025-жылдын ноябрында аяктаган. Кубаттуулугу +9 МВтка жогорулады (45тен 54гө чейин)!

Төртүнчү гидроагрегат дагы 1962-жылдын 5-ноябрында ишке берилген. 62 жылдан кийин анын модернизациясы 2024-жылдын мартында башталып, 2024-жылдын ноябрында аяктаган. Кубаттуулугу +9 МВтка жогорулады (45тен 54гө чейин)!

Бүгүнкү күндө 180 мегаваттык ГЭСтин кубаттуулугу модернизациядан кийин 198 мегаваттка жогорулады. Тагыраак айтканда, модернизациядан кийин кошумча дагы 18 мегаватт кошулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Алпбек Садыров, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун жетекчиси Сергей Саховский катышты.