МСК эске салат: 1-январдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн жогорку чек киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн жогорку чек киргизилгенин эскертет.
Бул ченемге ылайык, айына жумуш берүүчү бир кызматкер үчүн жана кызматкердин өзү өткөн жылдагы өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелген суммадан ашык төгүм төлөбөйт.
Эгерде эмгек акы бул чектен төмөн болсо, төгүмдөр толук суммадан эсептелет, ал эми жогору болсо — белгиленген лимитке чейинки бөлүгүнөн гана эсептелет. Мында кайсы тарифтер колдонулганы жана камсыздандыруу төгүмдөр кандай бөлүштүрүлгөнү мааниге ээ эмес.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн максималдуу суммасы төмөнкүдөй аныкталат: өткөн жылдагы өлкө боюнча орточо айлык эмгек акы 20га көбөйтүлөт жана бул суммадан төгүмдөр базалык чек катары эсептелет.
2026-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорку чеги төмөнкүнү түзөт:
– 27,25 % жыйынды тарифи колдонулганда — 196 456,15 сом;
– 12,25 % тарифи колдонулганда — 88 315,15 сом.
Эсептөө төмөнкү параметрлердин негизинде жүргүзүлдү:
· өткөн жыл үчүн орточо айлык эмгек акы — 36 047 сом (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык);
· базалык чеги — орточо айлык эмгек акынын 20 эселенген өлчөмү;
·«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери — 27,25 % жана 12,25 %.
