Эмгек министрлиги “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул боюнча маалымат берди
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт.
Ал эми, бийик тоолу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо жарандардын төмөндө белгиленген кирешелери эске алынат:
- айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
- ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
- жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн
кирешелер жана башкалар.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасынын тактап айтканда муздаткычтардын, телевизорлордун, кир жуугуч машиналардын жана башкалардын болушу эсепке алынбайт.
Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө иштеген абалда кийинкилер бар болсо:
- завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автомобиль жана микроавтобустар.
Ошондой эле, үй-бүлөдө майда мал жандыктардын саны үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө 4төн ашык болгон учурда дагы дайындалбайт.
Ири мүйүздүү мал (ИММ) төмөнкүдөй майда жандыктардын (МЖ) шарттуу бирдиктерине которулат:
- 1 уй = 6 МЖ
- 1 торпок = 2,5 МЖ
- 1 жылкы = 7 МЖ
- 1 бука = 8 МЖ
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
- пенсиянын бардык түрлөрү;
- мамлекеттик жөлөкпулдар;
- сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
- стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу, бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.
