Камбар-Ата-1 ГЭС: Негизги курулушту баштоо үчүн инфраструктуралык даярдык уланууда
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган мамлекеттик стратегиянын алкагында Энергетика министрлиги өлкө үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын ичинен өзгөчө орунду Камбар-Ата-1 ГЭСи ээлейт — бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдай турган жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн стратегиялык объект.
Бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдык иштери жигердүү уланууда. Ири объектилер боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилди:
- 100% – Жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук тоннелдин курулушу толугу менен аяктады.
- 70% – Дамбага жана курулуш аянтчаларына жетүүчү жаңы автожолдордун курулушу бүткөрүлдү.
- 60% – Тоннелдин ичиндеги бетондоо, жарык берүү жана желдетүү системаларын орнотуу иштери жүрүүдө.
- 60% – ВЛ-110 кВ аба чубалгыларын тартуу жана ПС 110/6 кВ көмөк чордонун куруу иштери аткарылып жатат.
- 40% – Вахталык шаарчанын курулушу уланууда, жумушчулар үчүн жашоо жана иш шарттары түзүлүүдө.
- 19–20% – Нарын дарыясынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери башталган.
Долбоор бардык коопсуздук жана сапат талаптарына ылайык, так график боюнча ишке ашырылып жатат.
