Экономика министрлигинин орун басары ИТБ ишмердүүлүгү менен таанышты
13 февраль

Экономика министрлигинин орун басары ИТБ ишмердүүлүгү менен таанышты

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Гүлшат Асылбаева ишкерлерди колдоого жана алардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө багытталган  Ишмерлерди тейлө борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Сапардын жүрүшүндө ал ишкерлерге көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү жол-жоболорун көрүп, сунушталган кызматтардын сапатын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде министрликке араштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жана тышкы соода тармагындагы «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун баалады. Министрдин орун басары ИТБнын ишинин бизнес чөйрөсүн жакшыртуудагы маанилүү ролун белгилеп, ишкерлерди колдоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү мындан ары да өркүндөтүү зарылдыгын баса белгиледи.


Маалымдама: Бишкектеги ИТБ 2021-жылы ишкерлерге мамлекеттик, муниципалдык жана финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн бирдиктүү аянтча катары түзүлгөн. Борбордун негизги максаттары – бизнес-коомчулукту тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү