2025-жылдын ноябрында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $264,8 млн түзгөн
2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $ 264,8 млн түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн $248,9 млн көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар $15,9 млн болгон.
2025-жылдын ноябрь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү $19,8 млн түздү.
Анын $17,7 млн КМШ өлкөлөрүнө, $2,1 млн алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
