КР СӨП менен Италия-Кыргыз Соода палатасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
29 август

КР СӨП менен Италия-Кыргыз Соода палатасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

КР СӨП менен Италия-Кыргыз Соода палатасы кызматташат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Документке КР СӨП президенти Темир Сариев жана Ассоциациянын президенти Паоло Тодаро кол коюшту.

Меморандум экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода алмашууну эки тарапка тең пайдалуу негизде кеңейтүүгө багытталган.

Документке ылайык, тараптар төмөнкүлөргө макулдашышты:

• соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда келишимдерди түзүүгө дем берүү;

• тышкы соода, инвестиция, рыноктун тенденциялары жана мыйзамдар боюнча актуалдуу маалыматтарды алмашуу;

• ишканалардын көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана башка иш-чараларга катышуусуна көмөк көрсөтүү.