Базар-Коргон районунда жаңы тоок фабрикасы ачылды
29 август

Базар-Коргон районунда жаңы тоок фабрикасы ачылды

Базар-Коргон районундагы “Алтын-Куш Агро” ишканасы 29-августта жалпы аянты 1 гектар болгон заманбап тоок фабрикасынын ачылыш аземин өткөрдү.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкадай, жалпы сметалык баасы 185 млн сом болгон бул инвестициялык долбоор фабриканын кубаттуулугу 62 миң тоокту багууга эсептелген.

Фабрика үч этап менен ишке берилет:

  • 1-этабы – 2025-жылдын май айында 31 миң тоок багуу башталган;
  • 2-этабы – 2025-жылдын октябрь айында дагы 31 миң тоок багыла баштайт;
  • 3-этабы – 2026-жылдан тартып эт багытындагы тоок өстүрүү ишке кирет.

Мындан тышкары, 2026-жылдын май айынан баштап атайын байытылган тоок жумурткасын жана эт багытындагы тооктор үчүн тоют даярдоочу комбикорм цехи иштей баштайт. 

Фабриканын негизги продукциясы — жумуртка болуп саналат. Жалпысынан 25 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, алардын айлык маянасы орточо 20 миңден 50 миң сомго чейин болот. Өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад жана Ош облустарынын базарларында жана дүкөндөрүндө сатыкка чыгат.

Бул долбоор аймактагы жумуш орундарын түзүү менен катар, ички рынокту сапаттуу жергиликтүү продукция менен камсыздоого чоң салым кошот.