Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту
13 февраль

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев түрк компаниясы Zeynelaнын өкүлдөрү менен жолукту, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы. 

Жолугушууда биргелешкен долбоорлор, компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана экологиялык таза транспортту, анын ичинде электробустар менен троллейбустарды киргизүү маселелери талкууланды.

Soycan Group жана Koluman Holdingдин курамына кирген Zeynela инновациялык транспорттук чечимдерди сунуштап, Кыргызстанда өкүлчүлүккө ээ.

Ошондой эле техника тейлөө, өндүрүштү локалдаштыруу жана инвестиция боюнча маселелер көтөрүлдү.