Салык кызматкерлери 5 млн сомдон ашык суммадагы косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту
14 октябрь

Салык кызматкерлери 5 млн сомдон ашык суммадагы косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда өлкөнүн аймагына косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

SETRA маркасындагы автобусту текшерүү учурунда товардык коштомо кагаздары жок ар кандай аталыштагы косметикалык каражаттар табылып, тартып алынган. Алардын болжолдуу суммасы 5 млн 739,6 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча материалдар тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.