Манас шаарында арзан баада эт саткан муниципалдык дүкөн ачылды 
Манас шаарынын мэриясы
3 сентябрь

Манас шаарында арзан баада эт саткан муниципалдык дүкөн ачылды 

Манас шаарындагы «Достук» паркынын жанында калкка жеткиликтүү баада эт жана эт азыктарын саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты.

Дүкөндө учурда төмөнкү баалар сунушталууда:

  • Мал эти — 770 сом/кг
  • Тай эти — 770 сом/кг
  • Чучук — 1000 сом/кг
  • Бал — 800 сом/кг
  • Бышкан чучук — 1650 сом/кг
  • Карында сакталган сары май — 850 сом/кг.

Дүкөн Манас шаардык мэрия менен жеке ишкер Жыргалбек Келдибековдун биргелешкен демилгеси менен ачылган.

Ишкердин айтымында, алдыда бааларды дагы төмөндөтүү, ошондой эле уй эти менен катар кой этин да жеткиликтүү баада сатууну уюштуруу пландалууда.