МСК 2024-жылы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 21,5 млрд. сом карыз өндүрдү
Салык кызматы 2024-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу боюнча иштердин алкагында республиканын бюджетине 21 млрд 553 млн сом түшүүнү камсыздаган.
МСКдан кабарлашкандай, анын ичинде салык карызы боюнча 18 млрд 690,3 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 854,7 млн сом өндүрүлгөн.
Белгилей кетсек, натыйжалуу санариптик куралдарды жана салык төлөөчүлөр үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүүчү жана пайдалуу кызматтарды киргизүү бул көрсөткүчтөргө жетүүгө өбөлгө түздү.
