Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн брокерлери биржалык соодага түз катыша алышат
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн брокерлери жана дилерлери биримдикке кирген башка мамлекеттердин биржаларындагы уюштурулган соодага түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.
Министрлик тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун даярдады. Документке 2026-жылдын 7-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган.
Макулдашууга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн брокерлери жана дилерлери башка мүчө мамлекеттердин биржаларында өз өлкөсүндө берилген лицензиянын негизинде, бирдей шарттарда иш жүргүзө алышат.
Мында белгиленген талаптарды аткарган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына башка ЕАЭБ өлкөсүндө трансчек аралык иш жүргүзүү үчүн өзүнчө юридикалык жак түзүүнүн зарылдыгы болбойт.
Күтүлүп жаткандай, макулдашуу биримдиктин өлкөлөрүндөгү биржалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү кеңейтип, инвестиция тартуу жана капиталды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү каржы рыногун түзүүгө өбөлгө болот.
Документ бардык тараптар зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарып, бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү жөнөткөндөн кийин күчүнө кирет.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү жана Кыргызстандын башка ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт.
