АКШга Кыргызстандын IT-кызматтарынын экспорту жыл сайын дээрлик эки эсеге өсүүдө – элчи
Акыркы жылдары Кыргызстандын IT тармагындагы кызматтарынын АКШга экспорту жыл сайын дээрлик эки эсеге көбөйүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Максим Полетаевге берген маегинде билдирди.
Дипломаттын айтымында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагы Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү келечектүү багыттардын бири болуп саналат.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда жергиликтүү кадрлар жана технология жаатындагы адистер жетиштүү. АКШга IT-кызматтардын экспортунун өсүшү америкалык компаниялардын кыргызстандык IT-компаниялар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин көрсөтөт.
Вигери жакынкы жылдары эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүдө эң чоң мүмкүнчүлүккө ээ үч негизги багыттын бири катары IT тармагын атады.
Мындан тышкары, ал инфраструктура жана логистика, ошондой эле маанилүү пайдалуу кендерди өздөштүрүү багыттарын келечектүү деп эсептейт.
Элчинин белгилешинче, акыркы төрт жылда америкалык компаниялардын Кыргызстанга болгон кызыгуусу кыйла өскөн.
