Бактыбек Шамкеев: Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу – биздин өлкөнүн табаар пайдасы эмнеде?
Президент Садыр Жапаров 4-5-ноябрда Египетте расмий сапары менен болду. Бул сапар Кыргызстан үчүн эмнелерди алып келет жана эки өлкөнүн кызматташтыгы кайсы тармакта бекемделиши мүмкүн? Бул суроолорго эксперт Бактыбек Шамкеев “Биринчи радионун” эфиринде жооп берди.
“Президенттин бул расмий сапарын тарыхый деп атасак болот. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкө жетекчилери биринчи жолу Африка мамлекеттерине барды. Баарыбызга белгилүү болгондой, Египет – дүйнө жүзүндөгү тарыхы эң терең өлкө”, – деди Шамкеев.
Айтымында, Египеттин экономикасы учурда ишенимдүү көтөрүлүүдө, ИДПсы жылына 4-5 пайызга көбөйүп жатат. Бирок ошол эле маалда ал жакта инфляция да 20-25 пайыздын тегерегинде орун алган. Ал эми Кыргызстан бул өлкө менен кызматташууда, биз жаңы ачкан, ал эми аларга көнүмүш болуп, учурда көптөгөн каражатты экономиканы кошуп жаткан – туризм тармагына басым жасаса болот.
“Египеттин туризмге басым жасаганына 25-30 жыл болду. Анын ИДПнын көлөмүндө туризм экинчи орунда турат. Андан сырткары аларда Жер ортолук жана Кызыл деңизди бириктирген Суэцкий канал жайгашкан. Бул каналды пайдалангандар Египеттин казынасына салык төлөшөт”, – деген ал Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу дагы Кыргызстанга ушул сыяктуу кызмат көрсөтөөрүн белгиледи.
Ошондой эле, эксперт президенттин расмий сапарынын алкагында бир катар келишимдерге кол коюлганын, ал энергетикага, айыл чарбага, туризмге жана саламаттыкты сактоо жаатына байланыштуу экенин кошумчалап, Садыр Жапаровдун Египеттин президентин келерки жылы Кыргызстанга чакырганы да көп пайда алып келээрин билдирди.
“Келерки жылы Египеттин президенти бизге жалгыз келбейт, делегациясы менен келет. Анын ичинде инвесторлор болушу мүмкүн. Балким, ошондо дагы ири долбоорлор жаралат”, – деди Шамкеев.
