Кыргызстанда жумуртка, күрүч жана жер-жемиштерге болгон баалар төмөндөгөн
24 февраль

Кыргызстанда жумуртка, күрүч жана жер-жемиштерге болгон баалар төмөндөгөн

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүккө болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү. 

Мониторингтин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда 1-сорттогу буудай 0,7 %, 1-сорттогу буудай (импорт) 0,5 %, күрүч 1,1%, жумуртка 2,9%, сабиз 2,2 %, пияз 2,3 % төмөндөсө, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) 0,1 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы 0,4 %, уй эти 0,5 %, кой эти 0,2 %, кумшекер 0,1% жогорулагандыгы байкалды. 

Казакстанда пастерленген 2,5-3,2% майлуул-гы сүт 1,9 %, жумуртка 1,1 %, жогоруласа, сабиз 7,3 %, картошка 6,6 % төмөндөгөн.

Россияда болсо азык-түлүктүн баасы турукту болгону нан азыктары 0,7 % жогорулагандыгы байкалган.