Кыргызстандын тышкы карызы 4 млдр доллардан ашуун сумманы түздү
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын тышкы карызы канчага жеткени белгилүү болду.
Финансы министрлигинин 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун угуу маалында депутат Чолпон Султанбекова: “Кыргызстандын тышкы карызы учурда канча болду?” – деп сурады.
“2024-жылдын 31-декабрына карата тышкы карыз 4 миллиард 534 миллион долларды түздү. Ички карыз – 2 миллиард 54 миллион. ИДПга карата 37,6 пайызды түздү”, – деди финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев.
