Аманбек Дүйшенов Малайзиядагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды
6 ноябрь

Аманбек Дүйшенов Малайзиядагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды

Аманбек Дүйшенов Малайзиядагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды. Сертификатты палатанын президенти Темир Сариев тапшырды. Аманбек Дүйшенов Малайзиянын Эл аралык ислам университетин ислам банк иши жана каржы адистиги боюнча, ал эми Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун каржы жана кредит адистиги боюнча аяктаган.

Ал эл аралык деңгээлде олуттуу тажрыйбага ээ: ал Абу-Даби, Россия жана Индияда мунай жана газ тармагындагы долбоорлордо иштеген, экологиялык коопсуздук, логистика, процесстерди санариптештирүү жана келишимдерди башкарууга басым жасаган. Ошондой эле, ал ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстанга телемедицинаны киргизүү боюнча долбоорду жетектеген.

Аманбек Дүйшеновдун дайындалышы Кыргызстан менен Малайзиянын бизнес коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, экспортту колдоого жана эл аралык рыноктордо кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын алга жылдырууга багытталган.