Республика боюнча дан эгиндерин жыйнап алуу 99,2% деңгээлде аяктады
18 ноябрь

Республика боюнча дан эгиндерин жыйнап алуу 99,2% деңгээлде аяктады

2025-жылдын 17-ноябрына карата республиканын аймагында дан эгиндеринин 679,0 миң гектар аянтынын ичинен 673,5 миң гектары же 99,2% жыйналып бүткөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу (658,1 миң га) жогору. Республика боюнча дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 29,6 центнерди түзүп, жалпысынан 1 млн 994,6 миң тонна дан алынган. 

Жашылча боюнча: 56,6 миң гектардан 53,5 миң гектар же 98,6% жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 188,1 ц/га түздү. Жалпы 1 млн 6,8 миң тонна жашылча өндүрүлгөн. 

Картошка боюнча: 64,5 миң гектардын 63,3 миң гектары (98,3%) жыйналып, жалпы 1 млн 176 миң тонна өндүрүлдү. Орточо түшүмдүүлүк 176,5 ц/га болуп, өткөн жылдагы 172,5 ц/га көрсөткүчтөн жогору. 

Бахча өсүмдүктөрү боюнча: Пландаштырылган 11,8 миң гектар толук жыйналып, факты түрүндө 12,2 миң гектар аткарылып, план 103,8%га ашыкча аткарылды. Жалпы 274 миң тонна продукция алынып, бул өткөн жылга караганда 37 миң тоннага көп. Башкы өндүрүүчү – Жалал-Абад облусу. 

Техникалык өсүмдүктөр боюнча: 32,3 миң гектар аянттан жыйноо иштери уланууда. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 96,9% (12,2 миң га) аткарылды. Тамеки толугу менен жыйналып бүттү. Пахта жыйналып, жалпы көлөмү 19,0 миң тоннаны түздү. Кант кызылчасы 85,9% жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынды. Ошондой эле жүгөрү жана кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери жыйынтыктоо баскычында.