Ош облусунда кызмат көрсөтүүлөр дээрлик 22% кымбаттады
2026-жылдын башынан бери керектөө баалары менен тарифтердин эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталды.
Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу аймакта товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр 12,5%га кымбаттаган. Бул өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн эки эседен ашык жогору.
Кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер 21,8%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 17,3%га өскөн.
Азык-түлүк эмес товарлар 9,8%га, ал эми азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 8,4%га кымбаттаган.
Баалардын өсүшү боюнча экинчи орунду Ысык-Көл облусу ээледи – 9,6%. Бул аймакта кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 16,6%га өскөн.
Жалал-Абад облусунда баалардын жалпы өсүшү 5,7%ды түзгөн. Бирок кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер 11,9%га жогорулаган.
Маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитети келтирди.
