«ЭлКат» ишканасынын кирешеси 32%га жогорулады
5 август

«ЭлКат» ишканасынын кирешеси 32%га жогорулады

2025-жылдын январь–июнь айларында «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому 935,7 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 229 млн сомго көп болуп, өсүш 32%ды түздү. Ошол эле учурда таза пайда 97,7 млн сомго көбөйүп, 65%га өстү.

Компания мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин операциялык натыйжалуулук жогорулап, каржылык абал бир кыйла жакшырды. Компаниянын буга чейин 138 млн сом карызы болгон, аталган карызды кыска мөөнөт ичинде 100% төлөнүп берилди.

«Бул компанияда да кыска убакыттын ичинде жакшы натыйжа болду. Президент Садыр Жапаров койгон тапшырмалардын негизинде киреше да, таза пайда да өсүп жатат. Мунун баары мамлекеттик активдерди эффективдүү башкаруунун үлгүсү», – деди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.