4 млрд сомдон ашкан киреше: «Учкун» ААКта көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 68,4%га өстү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эркинин жана так коюлган тапшырмаларынын негизинде мамлекеттик маанидеги документтерди жана продукцияларды улуттук деңгээлде чыгаруу багытында ири системалуу иштер жүргүзүлдү.
Президенттин тапшырмасын ишке ашыруу алкагында, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин түздөн-түз координациясы жана башкаруучулук чечимдери менен «Учкун» ачык акционердик коомунда өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөр олуттуу жогорулады.
Бүгүнкү күндө автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары толук бойдон «Учкун» ААКтын өндүрүштүк базасында даярдалып жатат.
Белгилүү болгондой, буга чейин аталган продукциялар чет өлкөлүк компаниялар тарабынан чыгарылып келген. Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин негизинде бул багыт толук улуттук өндүрүшкө өткөрүлүп, өлкөнүн стратегиялык көз карандысыздыгы камсыздалды.
Аталган чечимдер мамлекеттик маанидеги документтерди чыгарууда көз карандысыздыкты бекемдөөгө, ички контролду күчөтүүгө жана бюджеттик каражаттардын Кыргызстандын ичинде калышына өбөлгө түздү. Президенттин тапшырмасы толугу менен жана ийгиликтүү аткарылды.
Каржылык көрсөткүчтөргө токтолсок,
2022-жылы «Учкун» ААКтын кирешеси 105 млн 605 миң сомду түзгөн.
2025-жылы бул көрсөткүч 4 млрд 2 млн 976 миң сомго жеткен.
Натыйжада, ишкананын кирешеси 3 790,5 % өсүп, «Учкун» ААК мамлекеттик стратегиялык маанидеги өндүрүштү ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан ишканалардын катарына чыкты.
