Ала-Букада мөмө жемиш сактоочу жай курулуп, сүттү кайра иштетип курут жасоону пландашууда
5 август

Ала-Букада мөмө жемиш сактоочу жай курулуп, сүттү кайра иштетип курут жасоону пландашууда

Ала-Бука районунун Ызар айылында көп тармактуу айыл чарба кооперативинин базасында 450 тонналык мөмө жемиш сактоочу жайдын (ТЛЦ) курулуш иштери башталды. Учурда Мөмө жемиш кургатуу жабдыктар сатып алынып, орнотулуучу жер даярдалууда. Объектини куруу эки этап менен өтүп, биринчи этап менен 300 тонналык эки мөмө жемиш сактоочу жай курулган.

2025-жылга пландалган 450 тонналык (3 даана 150 тоннада холодильник) жана мөмө жемиш кургатуучу цехтин мөмө жемишти жуучу жабдуусу (мойка) 850 мин сомго алынып, ишке берилгени турат. Ошондой эле, цех таңгактоочу жабдык жана мөмө жемишти тоңдуруучу жабдуу менен камсыз болгон.

Эми алдыдагы планда сүттү кайра иштетип курут жасоочу жабдык сатып алуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.