Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери орточо эсеп менен 1,1%га өстү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
30 июль

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери орточо эсеп менен 1,1%га өстү

2026-жылдын июнь айында Кыргызстандын калкы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери орточо эсеп менен 1,1%га өстү.

Бир ай ичинде эң көп кымбаттаган кызматтардын катарына чач тарач кызматтары кирди – баасы 6%га жогорулады.

Маданий иш-чараларды уюштуруу жана бут кийим оңдоо кызматтары 4,9%га кымбаттады.

Турак жайларды күнүмдүк кармоо жана оңдоо кызматтарынын баасы 4,4%га, кийим тигүү кызматтары 1,9%га өстү.

Мейманкана жана ресторан кызматтары 1,2%га, жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 0,6%га кымбаттады.

Июнь айында байланыш жана билим берүү кызматтарынын баалары өзгөргөн жок.

Маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитети келтирди.