Ала-Букада 150 тонналык логистикалык кампа ишке берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “3+2+1” программасынын алкагында Ала-Бука районунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоого багытталган долбоор жүзөгө ашууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, жеке ишкер Азамат Жайлообаев тарабынан 150 тонналык логистикалык кампа курулуп, пайдаланууга берилди. Учурда дагы 500 тонналык заманбап кампаны куруу иштери жүрүп жатат: котлован даярдалып, керектүү материалдар алынган.
Жаңы логистикалык борбор тамак-аш коопсуздугуна жооп берген мөмө-жемишти сактоо, таңгактоо жана сатуу шарттарына ылайык курулууда. Кампада негизинен мөмө-жемиш, жашылча жана башка айыл чарба продукциялары сакталат. Бул фермерлер үчүн продукцияны сактоп, рынокко туруктуу чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп, айыл чарба тармагындагы сапатты жана экспорттук потенциалды жогорулатат.
Кошумча, Ала-Бука–Аксы аймактарында пилоттук негизде 20 гектарга болгар калемпири айдалып, гектарынан 20–25 тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Жыйналган түшүм жаңы кампада сакталат жана сатууга чыгарылат.
