Улуттук банк валюта рыногуна $38 млн сатты
2 октябрь

Улуттук банк валюта рыногуна $38 млн сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 1-октябрда валюта рыногуна интервенция менен чыгып, 38 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Улуттук банк 2025-жылдын башынан бери беш жолу валюта рыногуна интервенция менен чыккан:

  • 13-январь — $79 млн;
  • 29-апрель — $158,3 млн;
  • 26-май — бүтүмдүн суммасы $59,8 млн түзгөн;
  • 15-сентябрь — интервенциянын көлөмү $81,5 млн жеткен;
  • 1-октябрь — $38 млн сатылган.