Шыкмаматов: 2025-жылы салык жүгү азайтылып, жеңилдиктер кеңейтилди
6 февраль

Шыкмаматов: 2025-жылы салык жүгү азайтылып, жеңилдиктер кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өткөн жылы экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жүгүн азайтуу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Анын айтымында, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, IT-индустриясы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тигүү жана зергерчилик тармагы, ошондой эле социалдык маанилүү багыттар, анын ичинде спортту өнүктүрүү өзгөчө көңүл борборунда болду.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле кичи жана орто бизнестин субъекттерине ыңгайлуу салык режимин тандоо укугу – жалпы режимди, бирдиктүү салыкты же патентти колдонуу мүмкүнчүлүгү сакталып калганын баса белгиледи. Мындай ыкма ишкерлерге салык милдеттенмесин иштин реалдуу көлөмүнө ылайыкташтырууга, ал эми мамлекетке туруктуу салык базасын түзүүгө шарт түзөт.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы салыктын ставкалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эң төмөн жана бул өлкөнүн инвестиция тартуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп саналат.