Кыргызстанда колбаса өндүрүү 1,5 эсе өстү
24 февраль

Кыргызстанда колбаса өндүрүү 1,5 эсе өстү

Акыркы 5 жылда Кыргызстанда колбаса өндүрүү жана экспорттоо оң көрсөткүчтөгү динамикага ээ, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, өлкөнүн улуттук реестринде 38 эт жана колбаса өндүрүүчүүчү ишкана бар.

Ал эми Евразиялык экономикалык биримдик уюмуна кирген өлкөлөрдүн аймагында өз продукциясын сатууга кабыл алынган ишканалардын реестринде 25 ишкана бар. Эгерде 2022-жылы Кыргызстанда 12 621,5 тонна колбаса азыктары өндүрүлсө, 2023-жылы 16 964 тонна, ал эми 2024-жылы 23 427,9 тонна колбаса азыктары өндүрүлүп, 1 103,3 тн продукция экспорттолгон.

Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса азыктары көбүнесе Казакстан, Роосия Федерациясы жана Өзбекстанга экспорттолот.