Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы. Токтогул районунда бир катар объекттер пайдаланууга берилет
28 август

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы. Токтогул районунда бир катар объекттер пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата Токтогул районунда жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептер, ошондой эле өндүрүш тармагындагы бир катар объектилер пайдаланууга берилет.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата эки жаңы мектептин имараты ачылат. Алар:

  • Э.Иманалиев айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеби, республикалык бюджеттин эсебинен 86 млн сом акча каражаты бөлүнгөн;
  • Арал айылындагы Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 101,2 млн сом акча каражаты жумшалды.

Капиталдык оңдоодон өткөн эки мектеп пайдаланууга берилет:Үч-Терек айылындагы капиталдык ре

  • Үч-Терек айылындагы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн №29 М. Нургазиев атындагы мектебинин имараты. Мекемеге жалпы 73 млн 193 миң сом бөлүнгөн;
  • Бала-Чычкан айылындагы №8 А. Иманбаев атындагы мектеби, капиталдык оңдоого 64 млн 763 миң сом бөлүнгөн.

Жыл аягына чейин дагы эки мектеп ишке берилет:

  • А. Суеркулов айыл аймагына караштуу Төркөн айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектеп (сметалык баасы 109 млн сом);
  • Толук айылындагы №24 Каныша атындагы орто мектеби.

Ошондой эле, курулуш иштери улантылып жаткан объектилер:

  • Бууракан айылындагы жаңы №38 Термечиков атындагы мектеп имараты;
  • Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин кошумча корпусу;
  • Төркөн айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектептин курулушу ноябрь айында толук бүткөрүлөт.

Спорт тармагында:

  • Токтогул районунун борбордук стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жалпы сметалык баасы 232 млн сомду түзүп, пайдаланууга берүү алдында турат.

Өндүрүш жана энергетика тармагында:

  • 2024-жылы кубаттуулугу 9 МВт болгон “Кайнама” чакан ГЭСи ишке берилген;
  • 2025-жылдын декабрь айында кубаттуулугу 4,5 МВт болгон “Кайнама-2” чакан ГЭСи пайдаланууга берилет, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат;
  • Үч-Терек айылында бетон заводу ачылып, толук кандуу иш алып барууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ишке ашып жаткан бул долбоорлор жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.