Бажы кызматкерлери 12 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт койду
12 февраль

Бажы кызматкерлери 12 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт койду

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын жарандары «Х.Ж.Р.у.» жана «С.А.А.».  айдап келе жатышкан «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаалардын ичинен жалпы салмагы 12 миң кг болгон «LAZER MILLIY RICE» деген жазуусу бар 480 ак желим кап табылган. Каптарда Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн күрүч экени аныкталган. Бирок алар бажы контролунун аяктоосун күтпөстөн, бажы кызматынын уруксаты жана коштоосу жок текшерүүчү жайдан чыгып кетишкен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында унаалар Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы үйдүн короосунан табылган. Жүк жана унаалар Баткен шаарындагы «Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагындагы убактылуу сактоочу жайга коюлган. Товардын жалпы баасы 2 400 000 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР ФМ караштуу МБКнын Тергөө башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча Тергөө секторуна өткөрүлүп берилди.