Веткызмат жыл башынан бери атайын эсепке 120 млн сомдон ашык каражат топтоду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жыл башынан бери 120 млн сомдон акык каражат чогултту. Атайын эсепке мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 120 млн 989,6 миң сом акча каражаты түштү.
Анын ичинен:
* Эмгек акыга – 61 млн 417,4 миң сом;
* Социалдык фондго – 10 млн 594,5 миң сом;
* Киреше салыгына – 6 млн 141,7 миң сом жумшалды.
Белгилесек, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2025-жылга карата атайын эсепке түшө турган каражаттар боюнча планы 200 млн 983,5 миң сомду түзөт. Учурда бул көрсөткүчтүн 60 пайыздан ашыгы аткарылды.
