Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 1,87 млрд сом каржыланды
28 август

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 1,87 млрд сом каржыланды

Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 7 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 871,9  млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

  • Теңдөөчү трансферт – 171,2 млн сом;
  • Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,4  млн сом;
  • Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 23,5 млн сом;
  • Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 88,3 млн сом;
  • Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 509,2 млн сом;
  • Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 55,2 млн сом;
  • “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө – 3,0 млн сом;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде – 126,8 млн сом;
  • Жалал-Абад облусунун шаарларын өнүктүрүү программасына – 732,0 млн сом.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен – 152,3 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы – 1 871,9 млн сом.