2025-жылдын январь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 46,6 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп
12 февраль

2025-жылдын январь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 46,6 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп

2025-жылдын январь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 46,6 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 10,7% га өскөн (2024-жылдын январы –24,6% өскөн). 

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2024-жылдын январына салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын 2,4 эсеге, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн 1,6 эсеге, химиялык продукциялардын 1,5 эсеге фармацевтикалык продукциялардын 33,7 %га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 20,0 %га, текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн 4,2 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн  2,5 %га көбөйүшү   менен камсыздалды.

Муну менен бирге, негизги металлдарды өндүрүүнүн 8,3 %га, ошондой эле жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин 4,4 %га көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди.  

Электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылууда 2025-жылдын январында өндүрүштүн көлөмү 10,8 млрд сомду түзүп, 22,3 %га өстү.  Бул негизинен электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 16,5% га өсүшүнүн эсебинен болду

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 11,5 %га көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн 6,9 %га өсүшү  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 2,18 %дык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 21,4%ды түздү.