Келечек кадрлардан башталат: Кыргызстан эл аралык кызматташтык аркылуу билим экономикасын кантип курууда
Россия мнен КМШнын экономикасы тыгыз байланышкан, бул айрыкча, эмгек жана каржы агымдар жаатында байкалат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн жыл сайын миллиондогон жарандар Россияга иштеп акча табуу үчүн келишет. Россиянын ИИМинин маалыматына караганда 2024-жылы эле жумушка орношуу максатында 6,3 миллион чет өлкөлүк жарандар келген.
Алардын кирешесинин көбүрөөк бөлүгү мекенине которулат, бул жөнөтүүчү-өлкөнүн экономикасына байкалаарлык таасирин тийгизет. Ал каражаттар үй-бүлөлөрдүн керегине жарайт, ички керектөөгө өбөлгө болот жана мамлекеттин бюджетин калыптандырат. Ошентип, Кыргызстанда чет өлкөдөн акча которуулардын көлөмү социалдык экономиканын бекемдигин жана улуттук экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу менен ИДПнын 18 пайызын түзөт.
Мындай шартта уюшулган эмгек миграциясы программалары стратегиялык мааниге ээ – ал бир гана экономикалык механизм болуп бербестен, туруктуу өнүгүүнүн негизги элементине айланат. Эмгек ресурстарына, өзгөчө өндүрүш тармагында муктаждык көбөйүп жаткан чакта бул Россия үчүн мотивациялуу адистерди тартууга мүмкүнчүлүк. КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн болсо – мыйзамдуу жумушка орношуу, кесиптик өсүү жана жаңы тажрыйба алууга түзүлгөн шарт.
Эң көрүнүктүү мисалдардын бири болуп "Алабуга" атайын экономикалык зонасы (Татарстан Республикасы, Россия) тарабынан демилгеленген "Алабуга Старт" эл аралык программасынын өнүгүшү саналат. 2022-жылы ишке киргизилген бул программа КМШ өлкөлөрүнөн келген кыздарды кесиптик жактан өнүктүрүүгө жана жогорку технологиялуу ишканаларда иштөөгө тартууга багытталган. Программа катышуучуларга үч жылдын ичинде өздөрүн камсыз кылууга гана эмес, үй-бүлөлөрүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк берди.
турак жай, жумуш, жогорку айлык акы
Программа Татарстанга барууга жана ири компанияда карьера курууга даяр болгон, 16 жаштан 22 жашка чейинки КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш, дымактуу кыздарга багытталган. Алар иш тажрыйбасы же адистик билими жок эле катыша алышат – "Алабуга Старт" кесипке алгачкы кадам таштоого, татыктуу акы төлөнүүчү жумушка ээ болууга жана өз алдынча инсан болууга мүмкүнчүлүк берет. Компания катышуучулардын Россияга келген жол киресин төлөйт, жумушка орношууда ар тараптуу колдоо көрсөтөт жана заманбап корпоративдик хостелдерде жеңилдетилген шарттарда (айына болгону 44$) жашоого шарт түзөт. Башкы стимулдардын бири сөзсүз түрдө айлык акы болот эмеспи – кыздар колуна ай сайын 850 доллардан 1783 долларга чейин алышат.
Белгилей кетсек, программа жеткиликтүү карьералык тректердин тизмесин тынымсыз кеңейтүүдө: 2025-жылы иш багыттарынын саны алтыга чейин көбөйдү. Бүгүнкү күндө кыздар өндүрүш оператору же автотранспорт цехинде айдоочу адистигин тандап, ресторан же мейманкана бизнесинде өз күчүн сынап, монтаждоо жана жасалгалоо иштери боюнча курулуш адистиктерин өздөштүрө алышат.
Татарстандагы аянтча Россиянын өзгөчө экономикалык зоналарынын арасында натыйжалуулугу боюнча бир нече жылдан бери биринчи орунда турат. Анын аймагында ондогон ири заводдор (анын ичинде Түркиядан, Германиядан, Даниядан жана Бельгиядан келген чет элдик резиденттер) иштейт, алар жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыкка барган сайын көбүрөөк туш келишүүдө.
Ал эми "Алабуганын" жетекчилиги рыноктон даяр адистерди издөөнүн ордуна, өз адистерин өстүрүү максатка ылайыктуу деген жыйынтыкка келди. Ошентип, бир эле учурда персоналдын жетишсиздиги көйгөйүн да чечип, достук мамиледеги мамлекеттердин жаштарына жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берүүгө да багытталган "Алабуга Старт" программасынын идеясы пайда болду.
Программанын катышуучусу болгон КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш кыздар иштеп эле тим болбостон, интеграциялык иш-чаралардын алкагында Татарстандын жашоосу менен таанышышат. Алар үчүн республиканын тарыхый шаарларына (Елабуга, Набережные Челны, Казань) экскурсиялар уюштурулуп, спорттук иш-чаралар жана баарлашуу клубдары өткөрүлөт – мунун баары жергиликтүү чөйрөгө тез көнүүгө жана аймактын маданиятын түшүнүүгө жардам берет.
ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮ КОЛДОО
Жергиликтүү өкмөттөр бул демилгени мыйзамдуу миграциянын жана жаштардын жумуш менен камсыз болушун жогорулатуунун каналы катары колдошот. Мисалы, Нарын облусунун жетекчилиги атайын экономикалык аймакка болгон сапарынан кийин компания менен кызматташуу келишимин түзүп, "Алабуга Стартты" жаштардын Россияда расмий иштөөсү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп атады.
– Буга чейин "Алабугада" болгом жана чынымды айтсам, аябай таң калдым. "Алабуга Политехтин" штаб-квартирасын өз көзүм менен көрдүм, "Алабуга Старттын" Кыргызстандан келген катышуучулары менен тааныштым. Чындыгында, бул жаштар үчүн жакшы жер, – деп президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу алган таасирлери менен бөлүштү.
Ошондой эле программа Евразия экономикалык форумунда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жана интеграциялык мейкиндикте кадрлардын кесиптик адаптациясына көмөктөшүүнүн ийгиликтүү мисалы катары көрсөтүлдү.
Демилгени аймактык бийлик да, ишкерлер коомчулугу да колдоого алды. Ошентип, программа аркылуу Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы түзүлүүдө.
Мындан тышкары, кыздар иштеп тапкан акчасы менен мекениндеги үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Көптөгөн катышуучулар айлык акысынын көбүрөөк бөлүгүн үйүнө жөнөтүп, ата-энелерине жана туугандарына жардам беришет. Мисалы, Кыргызстандан келген Алина Тойгонбаева. Кыз "Алабуга Старт" жөнүндө курбусунан уккан.
– Арыз жолдогонумдан кийин мени менен HR байланышты. Сүйлөштүк, андан соң алар ата-энеме программа тууралуу кеңири айтып беришти. Ата-энем каршы болушкан жок. Азыр апама жардам берип жатам, иштегениме жарым болду, бул убакытта анын кредитинин жарымын төлөштүм, – деди Алина.
Бул жалпы тенденцияга дал келет: КМШ жарандарынын акча которуулары Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн олуттуу киреше булагы болуп саналат. Мисалы, чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары 2024-жылы мекенине дээрлик 3 миллиард доллар которушкан, бул өлкөнүн ИДПсынын болжол менен 17%ын түзөт. Демек, "Алабуга Старт" программасына жүздөгөн кыздардын катышуусу каражаттардын келиши жана жаштар арасындагы жумушсуздуктун азайышы аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына түздөн-түз пайда алып келет.
Адамдык капиталды топтоо дагы маанилүү. Россияда эки жыл иштеген кыздар баалуу кесиптик даярдыктан өтүшөт – программадан практикалык көндүмдөргө жана башкаруу тажрыйбага ээ болгон квалификациялуу адис болуп чыгышат. Алар эмгек тартибине, заманбап өндүрүш технологияларына, эл аралык чөйрөдөгү ишкердик байланышка үйрөнүшөт – мунун баары алардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Кесипкөйлөрдүн жаңы мууну
Программанын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү тандаган тармагында карьерасын улантууну же топтогон капиталын жана билимин колдонуп, өз бизнесин ачууну пландаштырууда. Тажрыйбанын мындай "кайтарым агымы" катышуучу өлкөлөргө да пайдалуу болот: кыздар мекенине жаңы компетенциялар, кеңири дүйнө тааным жана мыкты тажрыйба менен кайтышат.
Акырында, программанын маанилүү социалдык аспектиси бар - ал салттуу коомдордогу аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кыздар жакшы маяналуу, туруктуу жумушта иштеп, экономикалык көз карандысыздыкка ээ болуп, өздөрүнө ишенип башташат. Мындай мисалдар КМШ өлкөлөрүндө аялдардын жумушка жана карьерага болгон көз карашын өзгөртүп, башкаларды да шыктандырат.
"Алабуга Старт" моделин башка аймактарга жана тармактарга киргизсе болот. Мында кеп заманбап экономиканын жана технологиялык өзгөрүүлөрдүн шартында иштөөгө даяр болгон жаңы муундун адистерин түзүү жөнүндө болуп жатат. Программанын ийгилиги ушундай долбоорлорду өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкта түзүүгө шыктандырып, узак мөөнөттүү келечекте постсоветтик мейкиндиктеги интеграцияны бекемдеп, катышуучулардын баарына пайда алып келет.
"Алабуга Старт" эл аралык программасы кадрдык кызматташтыктын кылдат ойлонулган өз ара пайдалуу стратегиясы бир эле учурда бир нече мамлекеттин өнүгүү маселелерин чечсе болоорун ачык көрсөтүп турат. КМШ өлкөлөрүнүн жаштары өзүн өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө, татыктуу кирешеге жана өсүү перспективаларына ээ болушат, ал эми Россия эмгек ресурстарынын агымына жана жакынкы кошуналар менен байланыштарды бекемдөөгө жетишет.
Өнөктөштүктүн мындай форматы өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди жана долбоордун алдында жаңы чыгарылыштар, жаңы ийгилик баяндары жана гүлдөп-өнүгүү үчүн географияны кеңейтүү да турушу ыктымал.
