Быйыл 12,5 миң гектар жерге сафлор эгүү пландалууда
28 апрель

Быйыл 12,5 миң гектар жерге сафлор эгүү пландалууда

Республика боюнча 2025-жылы 8105 га аянтка сафлор эгилип, 8112,2 тонна дүң жыйым алынган, түшүмдүүлүк 10,1 ц/га түзгөн.

2026-жылдын түшүмүнө май өсүмдүктөрү 14,8 миң га аянтка пландалып, анын ичинен 12,5 миң га сафлор өсүмдүгүн эгүү каралган.

Эске салсак, былтыр сафлор үрөнүнүн жаңы сорттору сыноодон өткөрүлдү. Сыноонун жыйынтыгында Россиядан алып келинген “Петрович” сорту гектарынан 24 центнер, ал эми Түркиянын “Ника” сорту гектарынан 17 центнер түшүм берген. Сыноо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району аймагында жүргүзүлгөн.