Жогорку Кеңеште «Долинка» жана «Речная» подстанцияларын реконструкциялоо долбоору экинчи окууда каралды
12 февраль

Жогорку Кеңеште «Долинка» жана «Речная» подстанцияларын реконструкциялоо долбоору экинчи окууда каралды

Бүгүн, 12-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Долинка” подстанциясын модернизациялоо жана “Речная” подстанциясын реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Бул багытта Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берди.

Мыйзам долбоорунун максаты 110 кВ «Долинка» жана 35 кВ «Речная» подстанцияларын модернизациялоо боюнча аталган долбоор күч трансформаторлорунун жалпы кубаттуулугун 108 МВАга көбөйтүү менен Ысык-Көл жана Ош облустарындагы абоненттерди электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат, ошондой эле жаңы абоненттерди улуттук электр тармактарына кошууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун жалпы баасы 14 миллион еврону түзөт, анын ичинен: 9 миллион евро кредит түрүндө; 5 миллион евро инвестициялык грант түрүндө.