Семетей, Талас жана Токмок: Кыргызстандын кайсы аймагында бензин жана дизелдин баасы арзан
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айында Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо керектөө баасы бир литрине 88,85 сомду түздү.
Июнь айына салыштырмалуу анын баасы 1,54 сомго жогорулаган. Июнь айында АИ-95 бензининин орточо баасы бир литрине 87,31 сом болгон.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы июль айында бир литрине 80,60 сомду түздү. Бир ай ичинде анын баасы 0,21 сомго өскөн.
Ал эми дизелдик отундун республика боюнча орточо баасы бир литрине 94,38 сом болуп, июнь айына салыштырмалуу 0,58 сомго кымбаттаган.
Июль айында АИ-95 бензининин эң жогорку баасы Баткен жана Раззаков шаарларында катталып, бир литри 89,90 сомдон сатылган. Ош шаарында бул көрсөткүч 89,66 сомду, ал эми Бишкекте 88,90 сомду түзгөн.
Эң арзан АИ-95 бензини Талас облусунун Манас районундагы Семетей айылында катталып, бир литри 84,90 сом болгон. Ошондой эле Караколдо 85,40 сом, Ноокатта 86,30 сом деңгээлинде сатылган.
АИ-92 бензини эң кымбат Өзгөндө сатылып, бир литри 82,85 сомду түзгөн. Андан кийин Манас айылында – 82,82 сом, Ноокатта – 82,50 сом, Баткенде – 82,40 сом болгон. Бул үлгүдөгү бензиндин эң төмөнкү баасы Таласта катталып, бир литри 76,29 сомду түзгөн.
Дизелдик отун эң кымбат Баткенде сатылып, бир литри 96,90 сом болгон. Кара-Сууда анын баасы 96,21 сомду, Өзгөндө жана Ошто 96,30 сомдон түзгөн. Ал эми эң арзан дизелдик отун Таласта катталып, бир литри 90,68 сом болгон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, июль айында күйүүчү майдын негизги түрлөрүнүн дээрлик бардыгы кымбаттаган. Республика боюнча орточо баалардын ичинен эң олуттуу өсүш АИ-95 бензининде байкалган.
