Карагат өстүрүүдө жаңы технологиялар: 2012-жылдан чемпиондукка чейинки жол
18 февраль

Карагат өстүрүүдө жаңы технологиялар: 2012-жылдан чемпиондукка чейинки жол

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу.

"Биз алгачкылардан болуп бул багытта иш баштаганбыз", – дейт Руслан Миңбаев.

Анын айтымында, алгачкы жылдары эски ыкма – арык менен сугаруу колдонулса, кийин заманбап тамчылатып сугаруу системасына өтүү түшүмдүүлүктү кыйла жогорулаткан. Бүгүнкү күндө 2 гектар аянттан 28 тонна түшүм алынууда.

2025-жылы форум алкагында чемпион наамына ээ болгон дыйкан ийгиликтин негизги сыры – эмгек, туура агротехнология жана үзгүлтүксүз үйрөнүү экенин белгиледи. Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен Кытайда өткөн 10 күндүк семинарга катышып, смарт-технологиялар жана зыянкечтерге каршы так багытталган ыкмалар менен таанышкан.

“Агродиалог-2025” чемпиондугунан кийин алардын ишмердүүлүгүнө жаңы дем берилген. Айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле Европа тараптан “Макфорд-2025” программасына катышуу мүмкүнчүлүгү ачылганын айтып берди.

Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форуму дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.