Араван районунда жеке ишкер «Береке» таза минералдык суусун өндүрүүдө
Араван районунда жеке ишкер «Береке» аттуу чакан ишканасын ачып, таза минералдык сууну өндүрүүдө. Ишканада бардык керектүү заманбап техникалык жабдуулар орнотулуп, өндүрүш процесси санитардык жана сапат талаптарына толук жооп берет.
Учурда суунун баасы көлөмүнө жараша 15 сомдон 80 сомго чейин жетип, жергиликтүү базар жана дүкөндөрдө жакшы сатылууда. Ишканада 5 адам туруктуу иш менен камсыз болгон.
Бул демилге жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана чакан бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болууда.
Кошумча маалымат:
- Жеке ишкер таза бал өндүрүү менен да алектенет.
- Жакынкы келечекте газдалган, бал кошулган суусундуктарды жана компотторду чыгаруу пландалууда.
- Ишкана өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү максат кылууда.
