"Учкун" ишканасынын кирешеси 31 эсеге жогорулады 
16 август

"Учкун" ишканасынын кирешеси 31 эсеге жогорулады 

“Учкун” ачык акционердик коомунун кирешеси 31 эсеге жогорулады. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Туманбаев бүгүн ишкананын жамааты менен жолугуп, өндүрүш процессин жеринде көрүп чыккан.

"Учурда ишканада мамлекеттик маанидеги продукциялар паспорттор, банктык документтер, окуу куралдары жана башка продукциялар чыгарылууда. Жакынкы күндөрү бул тизмеге дагы эки багыт кошулат: айдоочулук күбөлүктөр жана унаа мамлекеттик номурлары да дал ушул жерде өндүрүлөт", - деди ал.

Президенттин иш башкаруучусу 2025-жылдын январь–июнунда “Учкун” 1 млрд 807,2 млн сом киреше тапканын билдирди.  Бул пландан 214,2 млн сомго көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 3,5 эседен ашып, 1 млрд 314,5 млн сомго жетти.

"Жалпысынан, ишкана президенттин Иш башкармасына өткөндөн бери кирешесин 31 эсеге көбөйттү – 56,5 млн сомдон 1 млрд 807,2 млн сомго чейин", - деп маалымдады ал.