МинКаб башчы Адылбек Касымалиев күнөскана комплексинин курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына таандык күнөскана комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиевге күнөскана комплексинин курулуш этаптары, аткарылып жаткан иштер жана долбоордун негизги максаттары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жаңы күнөскана заман талабына ылайык акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган. Бул өз кезегинде иш процессин кыйла жеңилдетет.
Белгиленгендей, жаңы комплекс шаарды жашылдандыруу, көчөттөрдү өстүрүү жана гүл продукциясын көбөйтүү менен Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
