Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан ЖЕЭК жыйынына катышууда
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Санкт-Петербург шаарындагы Б.Н. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда.
Иш-чаранын алдында президент Садыр Жапаровду Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.
Саламдашуу аземинен жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин биргеликте сүрөткө түшүүсүнөн кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга бет алышты.
