Салык кызматкерлери акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты
5 ноябрь

Салык кызматкерлери акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты

Cалык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын аныкташты.

Борбор калаанын Биринчи Май районунда жайгашкан кампаны текшерүү учурунда жалпы көлөмү 3 миң 400 литр болгон 170 канистр акциздик маркасы жок мотор майлары табылган. Мындан тышкары, баштапкы коштомо документтери жок ар кандай түрдөгү оор жүк ташуучу унаалардын муздатуу системасынын 75 радиатору аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча табылган продукция андан ары сатуу максатында сакталып турган.

Бул факты боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Материалдар юридикалык баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.