Бишкекте Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүүдө
Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Венгрия Элчилигинде Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik өкүлдөрү мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдууларды жана инновациялык чечимдерди тааныштырышууда. Форум Кыргызстандын ишкерлерине бул компаниялар менен түз байланыш орнотуп, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана акыркы кайра иштетүү технологиялары тууралуу маалымат алууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору М. Чыналиев министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан финансылык колдоо жана ишкерлер үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.
Форумдун негизги максаты – Кыргызстандын жана Венгриянын ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана технологиялык байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.
