Эсептөө палатасы: Нарын шаарында 2023-2024-жылдар аралыгына карата аудит жүргүзүлдү
4 август

Эсептөө палатасы: Нарын шаарында 2023-2024-жылдар аралыгына карата аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Нарын шаарында 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган бардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 82467,1 миң сомду түзгөн, анын ичинде 66127,8 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 58537,4 миң сом.

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 3935,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
  • Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 435,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 14,9 миң сом. 
  • Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар) 11009,3 миң сом.
  • Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 12461,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген. 
  • Мындан тышкары, 5 (беш) бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылары боюнча жол – жоболук бузуулар, 3 (үч) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка жол - жоболук бузуулар, 4 (төрт) жана башка жол – жоболук бузуулар аныкталган.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндөгү «Билимкана» коомдук фондусунун жылуулук энергиясы үчүн төлөнгөн 2844,7 миң сом боюнча аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына сунушталган.

Нарын шаарында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы Нарын шаардык мэриясынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын башчысынын, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгагарым укукуктуу өкүлүнө, Нарын шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке – Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.