Кыргызстан Кытай рыногуна айыл чарба продукциясын экспорттооону кеңейтүүдө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын рыногуна чыгууга кызыкдар болгон ата мекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга кайрылат.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун кеңейип жаткан шартында Министрлик ата мекендик продукциянын экспорттук жеткирүүлөрүн колдоо боюнча системалуу иш алып барууда. Бул иштерге уруксат берүүчү документтерди алуу, зарыл болгон макулдашууларды уюштуруу, Кытайдын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүү жана кытай рыногунун талаптары боюнча кеңеш берүү кирет.
Эске салсак, Кыргызстан Кытайга 32ден ашык түрдөгү айыл чарба продукцияларын экспорттоого укуктуу. Алардын катарында – бал, сүт азыктары (быштак жана кургак сүт), буурчак, алча, коон, жаңгак, жүн, балык продукциясы (анын ичинде форель) жана эл аралык макулдашууларга жана протоколдорго ылайык Кытайга экспорттоого уруксат берилген башка товарлар бар.
КЭРге өз продукциясын экспорттоону пландаштырган өндүрүүчүлөр жана экспортчулар кеңеш жана колдоо алуу үчүн Министрликтин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгына кайрылса болот.
Башкармалык төмөнкү багыттар боюнча колдоо көрсөтөт:
- кытай тараптын учурдагы талаптары жана регламенттери боюнча маалымат берүү;
- экспорттоо учурунда макулдашуу жана маалымдоо процедураларын коштоп жүрүү;
- продукцияны КЭРге киргизүү боюнча компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүү;
- документтерди даярдоо жана экспорттук партияларды түзүү боюнча кеңеш берүү.
Министрлик өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пландык иш жүргүзүп, Кытайга экспортко уруксат берилген айыл чарба товарларынын тизмесин көбөйтүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерин улантат.
