Дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди
7 март

Дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди

«Айылчарбасын каржылоо -13» долбоорунун негизинде ушул күнгө карата дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго насыя берилди.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, алар:

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 700 миң сомго 1 насыя берилди.

Банктар боюнча алганда:

–“Элдик Банк” ААК - 700 миң сомго 1 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 7 млн 200 миңсомго 11 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:

–“Айыл Банк” ААК -5 млн 700 миң сомго 9 насыя;

–“Элдик Банк” ААК - 1 млн 500 миң сомго 2 насыя;

3.Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 7 млн

900миң сомго -12 насыя берилди:

–“Айыл Банк” ААК - 5 млн 700 миң сомго 9 насыя;

–“Элдик Банк”ААК - 2 млн 200 миң сомго 3 насыя.